02.07.2018 15:32

Бишкекте  «Балдар оюндарынын кербени» иш-чарасы болуп өттү

Бишкекте  «Балдар оюндарынын кербени»  иш-чарасы болуп өттү

Борбор калаада 500дөй жаран катышкан  «Балдар оюндарынын кербени» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул туурасында Октябрь райондук администрациясы билдирди.

«Балдар оюндарынын кербенинин» жыйынтыктоочу иш-чарасы Бишкек шаарынын 125-жылдыгы аталышындагы паркта  (Асанбай ) болуп өттү.

Иш-чара III  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруучу катчылык жана БУУнун Балдар уюму (ЮНИСЕФ) тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага жалпысынан 500дөй адам катышты. Балдар жана ата-энелер үчүн түрдүү оюн-зоокторго уюштурулуп, жыйынтыгында жеңүчүүлөр  эстеликке белектерди алышты.